Cуваналиев: Бийлик өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбоого чек ара кызматына тапшырма берилди

Cуваналиев: Бийлик өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбоого чек ара кызматына тапшырма берилди

Кыргызстанда бийлик өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбоо боюнча чек ара кызматына тапшырма берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев «Азаттык» радиосуна таң эрте интервью берип жатып билдирди.

«Чек ара кызматына бийлик өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбоого буйрук берилди. Андан сырткары, чиновниктердин банктагы эсептеринен операция жүргүзүү токтотулду. Талап-тоноочулуктун алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Түрмөдөн саясий туткундар гана чыгарылат. Башка адам өлтүрү жана башка ушул сыяктуу кылмышка шектүүлөр абактан чыгарылбай. Бардык коопсуздук чаралары көрүлүп жатат», — деп билдирди Суваналииев.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрүнүн митинги 5-октябрда саат 10:00 чамасында башталып, азыркыга чейин токтой элек. Тынчтык митинг массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>