Site icon Reporter.kg

ЦУМда эки мас адам тартип бузуп, бир жаранды урууга аракет кылган (видео)

Бишкекте эки адам майда бейбаштык кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-мартта райондук милицияга С.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, эки бейтааныш адам «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборунда мас абалында сөгүнүп, аны урууга аракет кылган.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Бул окуяга катышкан деп 34 жаштагы И.К. жана 30 жаштагы Б.В. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча чара көрүү үчүн бул иш райондук милициянын коомдук коопсуздук кызматына жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда милицияга тарабынан кармалгандардын бири И.К аттуу жаран «Айчүрөк» соода борборунун күзөт кызматкеринин үстүнөн арыз жазган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version