Site icon Reporter.kg

Дүйнө биринчилигине тандоо: Кыргызстан – Мьянма оюнуна билеттер сатыла баштады

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы менен Мьянманын командасы менен боло турган беттештин билеттери  сатыкка чыгарылды.

Оюн 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат  саат 20:30да башталат.

Билеттер бүгүн, 3-октябрда 12:00дон баштап сатыкка чыгат. Баасы 250 сомдон 500 сомго чейин.

Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношот.

Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калды

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн

 

Exit mobile version