Site icon Reporter.kg

Дүйшөбаев: Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жаздым

Эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматты Reporter.kg`ге Дүйшөбаев өзү тастыктады.

“Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Эртең АКИpress маалымат агенттигинде бул тууралуу маалымат жыйын дагы берем”, – деди ал.

Белгилей кетсек,  парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктан соң Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев жумуштан кеткен. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бул кызматка Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалганы 15-октябрда гана белгилүү болгон.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеген.

Exit mobile version