Дүйнө Кубогу: Кыргызстандын балбандарын сыйлоо аземи болду

Дүйнө Кубогу: Кыргызстандын балбандарын сыйлоо аземи болду

24-декабрда Бишкекте Сербиянын Белград шаарында өткөн Күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун байге ээлерин сыйлоо аземи болду.

Иш чаранын уюштуруучулары Күрөш федерациясы.

Аземде балбандардын Дүйнө Кубогунда килем үстүндөгү беттештердеги жеңиши тууралуу тасма көрсөтүлдү. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, сөз сүйлөөгө Күрөш боюнча федерациянын биринчи-вице-президенти  Канатбек Бегалиев чыкты.

Ал балбандардын ийгилиги менен куттуктап, ден-соолук каалады.

Жоламан Шаршенбековдун машыктыруучусу алдыда Олимпиада оюндары турганын айтып, келечекте абдан оор жыл болорун белгиледи.

Иш-чарага аталган федерациянын жетекчилиги, мүчөлөрү, спорттун улуттук федерацияларынан, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинен, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство кызматкерлери, спорт ардагерлери катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Айбек Моңолов бүгүнкү иш-чара Дүйнө Кубогунда жеңишке жеткен спортчуларга стимул берүү максатында уюштурулганын билдирди.

«Биз ар бир спортчунун эмгегин баалайбыз, федерация дагы колунан келген бардык жардамын берет», — деди ал.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак ченинде Дүйнө Кубогунда алтын медалды жеңип алган Жоламан Шаршенбеков жеңиши тууралуу алгач ата-энесине сүйүнчүлөгөнүн билдирди.

«Мен килем үстүндө тургандагы сүйүнүчүмдү сөз менен айтып жеткире албайм, аны сиздер ошол залда отуруп көрүшүңөр керек болчу. Бирок жеңишимден дагы ата-энемдин сүйүнүчү мен үчүн баа жеткис сыйлык болду окшойт. Бул жеңиштин артында машыктыруучумдун чоң эмгеги жатат. Мен агайларыма өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем», — деп сөзүн жыйынтыктады Шаршенбеков.

Аялдар күрөшү боюнча 62 кг салмак ченинде Дүйнө Кубогунда алтын медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова үчүн бул мелдештин деңгээли бираз төмөнүрөөк болгонун айтты.

«Мен учурда Олимпиада оюндарына каттуу даярдык көрүүдөмүн. Ага чейин буга окшогон мелдештерди өткөрүп туруу керек. Ошол себептен бул мелдеш мен үчүн оор болгон жок. Бирок ошентсе да машыктыруучум Нурбек Изабековдун эмгеги зор, агайыма дайыма ыраазычылык билдиргим келет», — деди ал.

Аталган Кубоктун 68 кг чейинки салмак категориясында дагы бир алтын медалдын ээси Мээрим Жуманазарова жеңишке жетем деген үмүт менен барганын айтып, ошол үмүтү акталганын белгиледи.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков Дүйнө Кубогунда балбандары жакшы көрсөткүч көрсөткөнүн билдирди.

«Айсулуу Тыныбековага бул мелдеш оорго турган жок. Анткени ал мындан оор беттештерде болгон. Андан кийинки кыздарым Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы үчүн бул мелдеш жакшы сабак болду», — деп өз ою менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, жалпысынан эркин күрөш боюнча балбандар Дүйнөлүк Кубокто 2 коло медалга ээ болушту: 70 кг салмакта Ислам Орозбеков жана 125 кг салмакта Айаал Лазарев.

Аялдар күрөшү: 1-орун — Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта; 1-орун — Мээрим Жуманазарова, 68 жашка чейинки салмак категориясында; 3-орун — Айпери Медет кызы, 76 кг салмакта.

Грек-рим: 1-орун — Жоламан Шаршенбеков, 60 кг салмакта; 3-орун — Калы Сулайманов, 63 кг салмак категориясында; 3-орун — Руслан Царев, 72 килограммга чейинки салмак ченинде.

Дүйнө Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы эсептик көрсөткүчтө экинчи орунду ээлеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>