Дүйнө Кубогунда медаль уткан Шаршенбеков жана Царев автоунаа белекке алышты – сүрөт

Дүйнө Кубогунда медаль уткан Шаршенбеков жана Царев автоунаа белекке алышты – сүрөт

Дүйнө Кубогунда медаль уткан эки балбан автоунаа белекке алышты. Бул тууралуу маалыматты балбандар социалдык баракчаларына жайгаштырды.

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль алган Жоламан Шаршенбековго «Мерседес», ал эми коло медаль алган Руслан Царевге «Тойота» үлгүсүндөгү унааны  Жеке ишкерлер Анвар Маметов жана Азиз Исамагаметов белек кылышты.

Аталган мелдеште 60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков финалга чейин жетип, финалда орусиялык Степан Марянянды жеңип, алтын медаль алган.

Ал эми 72 килограмм салмакта катышкан кыргызстандык балбан Руслан Царев биринчи айлампада венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулуп, бирок венгриялык балбан финалга өткөнүнө байланыштуу Руслан Царев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде уткан. 

[su_image_carousel source=»media: 52273,52274″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>