Дүйнө коронавирустун кесепетинен жоголуу коркунучунда турган өлкөгө жардам берет. Ал кайсы өлкө?

Дүйнө коронавирустун кесепетинен жоголуу коркунучунда турган өлкөгө жардам берет. Ал кайсы өлкө?

Бул жылы йемендиктерге жардамга жана коронавируска каршы күрөшкө 2,4 млрд доллар талап кылынат. Оор учурда Йеменге багытталган 40 ири гуманитардык жардам токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу иемендиктерге жардамга каражат чогултуу маселеси каралган жыйында БУУнун башкы жетекчиси билдирди.

Онлайн жыйында 125 өлкө, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор катышкан.
“Йеменде эки млн бала келечегине терс таасирин тийгизе турчу ачарчылыктан азап чегүүдө. Бул жылдын башында эле 80 миң йемендиктер көчүп кетишкен. Өз үйүн таштап кеткендердин жалпы саны 4 млнго жетти”, — дейт БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш.

Йемендиктердин башына түшкөн кыйынчылык бир гана жарандык согуш эмес, аларга дагы чоң коркунуч туудурган холера пандемиясы. Бул жугуштуу оору менен жыл башынан бери 110 миң адам ооруган. Ал эми саламаттык сактоо системасы иштебеген жерде коронавирус инфекциясы дагы күч алып жатат. Коронавирус жуктуруп алган биринчи учур 10-апрелде катталган, азыркы учурда жүз миңден ашык киши корнавирус илдетине чалдыккан.
Коронавирустан өлгөндөрдүн көрсөткүчү дүйнө жүзү боюнча эң көп болуп, Йемендин Адене шаары катталган.
БУУ өзүнүн эң ири гуманитардык жардамын Йеменге жөнөткөн. Эми жардам жеткизген жоокерлер атылган октордон гана эмес коронавирус илдетинен дагы сактануусу керек.
“Йеменге жардам көрсөтүү үчүн мынчалык каржатыбыз жетишпеген абалга түшүп көргөн эмес элек, ошондуктан донорлорду пандемияга каршы күрөшкө каражат бөлүүгө чакырат элем”, — дейт Гуттериш.

Айта кетсек, Йеменде 2014-жылдын август айынан бери “Ансар Аллах” атту шиит кыймылынан Хуситтик козголоңчулары менен Абд Раббу Мансура Хади президенттинин аскерлери ортосундагы жаңжал күч алып, жарандык согуш башталган.

Онлайн жыйындын жыйынтыгында 1,35 млрд доллар чогулган. Мунун ичинен 500 млн долларды Сауд Аравия, 225 млн – АКШ бөлүп берген. Орусия болсо 4 млн доллар которгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>