Дүйнөдө эң бай адамдардын саны 10 пайызга көбөйдү

Дүйнөдө эң бай адамдардын саны 10 пайызга көбөйдү

2019-жылы дүйнө жүзү боюнча 5 млн доллардан  30 млн долларга чейин байлыгы бар адамдардын саны кескин өстү. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып чыкты.

 «Эң бай» аныктамага туура келген адамдар негизинен АКШда жашайт. Өткөн жылы алардын саны Америкада 16 пайызга көбөйгөн.

Нью-Йоркто 11 170 бай адам жашары аныкталып, рейтингдин алдыңкы сабына чыккан.  Тизменин экинчи сабына Токио жайгашкан. Аталган шаарда 73 845 бай адам жашайт. Ал эми үчүнчү орунду 64 855 бай адамы менен Гонконг ээлеген.

Ошондой эле  тизмеге Лос-Анджелес, Лондон, Париж, Чикаго, Сан-Франциско, Вашингтон жана Далас шааралры кирген. Ал эми Орусия бай адамдар жашаган тизмеге кирген эмес.

2019-жылы эң бай адамдардын санынын акивдүү өсүшү Азия менен Африкада да байкалган. Латын Америка жана Кариб булуңундагы өлкөлөрдө  бай адамдардын көбөйүшү байкалган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>