«Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж». Маматалиев Аруузатка жардам берүүнү сунуштады

«Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж». Маматалиев Аруузатка жардам берүүнү сунуштады

Бүгүн, 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев Орозо айында дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузатка жардам берүүгө чакырды.

Эл өкүлү ыктыярчылар көчөдө туруп алып, Аруузаттын дарысына акча чогултуп жатышканын айтты.

«Орозо айында жардам берип койсок туура болот. Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан, министрлер бир айлык акысын, бай адамдар чыгып деле жардам берип койсун. Партиялар качан шайлоо болсо эле ошонун алдында чыгып калбай, азыр жардам берели», — дейт Маматалиев.

Аруузаттын апасы 2020-жылдын 14-ноябрында кызына жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу коюлганын билдирген. Аруузатка талап кылынган дары «Гиннестин рекорддор китебине» кирген, анын аты «Золгенсма» деп аталат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>