Дүйнөдөгү эң популярдуу мобилдик тиркеме айтылды

Дүйнөдөгү эң популярдуу мобилдик тиркеме айтылды

2020-жылдын август айында эң көп жүктөлгөн мобилдик тиркеме TikTok деп табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Кыска видео кызматы дүйнөдөгү эң көп жүктөлгөн колдонмо болуп калды. Бир ай ичинде ал 63 миллиондон ашуун жолу көчүрүлгөн. TikTok App Store жана Google Playде жүктөөлөр боюнча лидерликке чыккан.

Алсак, Бразилия менен Индонезияда эң көп жүктөлгөн.

Экинчи орунда Apple колдонуучуларынын арасында Zoom, ал эми Androidди колдонгондордун арасында Snack Video (TikTokтун аналогу) турат. Популярдуу тиркемелердин ичинен  Facebook, Instagram жана WhatsApp дагы бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>