Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынган депутат Тазабек Икрамовду аэропорттон чепкен жаап тосуп алышты (видео)

Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынган депутат Тазабек Икрамовду аэропорттон чепкен жаап тосуп алышты (видео)

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн күрөш боюнча ветерандар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду «Манас» эл аралык аэропортунан жакындары чепкен жаап тосуп алышты. Бул тууралуу фейсбук баракчасына Нурсултан Замирбеков жазды. Икрамов бүгүн, 11-октябрда эртең менен учуп келген. 

Белгилей кетсек, 8-октябрда Грузия башталган мелдеште Икрамов 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Анда ал Венгрия, Финдляндиядан келген спортчуларды утуп, жарым финалда ирандык Азад Алимохаммадпуромго жеңилип калган. Кийин түркиялык Орхан Тикачты утуп, үчүнчү орунду алган.

Тазабек Икрамов Чейрек финалда финландиялык  спортчу Олави Лейтону 9:0 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык балбанга жеңилип калып, коло медаль үчүн түркиялык балбан Орхан Тикаци менен таймашкан. Икрамов аны  4:0 эсеби менен жеңип алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>