Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылды

Коронавирус пандемиясынан улам IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов «Репортерго» берген интервьюсунда билдирди.

«Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, Олимпиада сыяктуу ири иш-чараларды кийинки жылга жылдырышууда. Кыргызстан жана түрк тарап дагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кийинки жылга калтырууну сунуш кылышты», — деди Аманкулов.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркияда өтмөк.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>