Дүйнөнүн эң бай адамы бир күндө 7 млрд долларын жоготту

Дүйнөнүн эң бай адамы бир күндө 7 млрд долларын жоготту

Планетанын эң бай адамы, дүйнөдөгү ири электрондук Amazon соода рыногунун ээси — Жефф Безос бир күндүн ичинде жети миллиард долларын жоготту. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы чет элдик басылмаларга таянып жазып чыкты. 

24-октябрда Amazon үчүнчү кварталда тапкан кирешеси тууралуу маалыматын билдирген. Жыйынтыгы инвесторлордун нааразычылыгын жаратты. Себеби,  компаниянын баасы 6,6 пайызга азайууга дуушар болгон. Телеканалдын эсептеген маалыматына ылайык, Безоско Amazonдун 57,6 миллион акциясы тиешелүү болгондуктан, жоготуу 6,9 миллиард долларга барабар болгон. 

Эксперттердин айтымында, эгерде Amazon акциясы дагы төмөндөсө, Безос планетанын эң бай адамын Microsoft`ту жаратуучу Билл Гейтске өткөрүп берет. Бүгүнкү күндө, Безостун байлыгы – 111 миллиард доллар, ал эми Гейтстики – 107 миллиард долларды түзөт. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>