Дүйшөбаев күч түзүмдөрүндөгү качып кеткен жетекчилердин аракетин «уят» деп баалады

Дүйшөбаев күч түзүмдөрүндөгү качып кеткен жетекчилердин аракетин «уят» деп баалады

Бишкекте өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин экс-башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев качып кеткен күч түзүмдөрүндөгү жетекчилердин аракеттерин «уят» деп атады.

Дүйшөбаевдин айтымында, мындай жетекчилердин иш-аракеттери бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында чоң нааразычылыктарды жараткан, алар мыйзам алдында гана эмес, абийир алдында дагы жооп беришет.

Эске салсак, ушул жылдын 5-6-октябрь күнү паралменттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги учурунда ошол кездеги Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев дайынсыз жоголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>