Дүйшебаев Көлбаевдин №47 абакка которулушу боюнча комментарий берди

Дүйшебаев Көлбаевдин №47 абакка которулушу боюнча комментарий берди

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшебаев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин УКМКнын тергөө абагынан ЖАМКнын №47 абагына которулушу боюнча Reporter.kg`ге өз пикири менен бөлүштү.

Дүйшебаевдин пикиринде, Көлбаевдин кармалышы боюнча АКШнын билдирүүсүнөн жана өзүнүн маалымат жыйынынан кийинки коомдо талкуу күчөп, УКМК кримтөбөл менен болгон келишмин бузуп жиберген болушу мүмкүн.

“Мен дагы Көлбаевдин эмне себептен №47 абакка которулганын түшүнбөй турам. Анткени УКМКга тиешелүү атайын оорукана бар, анда иши тергөөдөгү адамдар дарыланат”, — деди Дүйшебаев.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, эртеси журналисттерге маалымат жыйын берген.

Анда ал УКМКнын ишин сынга алып,  Райымбек Матраимовдун жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалуусун “театрлашкан шоу” деп атаган. Ошондой эле ал Көлбаев эки күн ичинде эркиндикке чыгарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>