Дүкөндү тоноого шектелип 22 жаштагы жигит камакка алынды

Дүкөндү тоноого шектелип 22 жаштагы жигит камакка алынды

Дүкөнгө уурулукка кирген деп шектелип 22 жаштагы жигит камакка алынды. Бул тууралуу Баткен облустукички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз адам кирип 8 миң сом уурдап кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып ыкчам-тергөө иштери башталган.

Анын алкагында шектүү катары Кулунду айылынын К.С. аттуу 22 жаштагы тургуну кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>