«Дөө Чыңгыз» август айында эркиндикке чыгабы? ЖАМКнын жообу

«Дөө Чыңгыз» август айында эркиндикке чыгабы? ЖАМКнын жообу

Чыңгыз Жумагулов 2020-жылдын август айында эркиндикке чыгат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагулов абактагы жазасын 2022-жылы өтөп бүтөт. Ошондуктан август айында эркиндикке чыгат деген кептер чындыкка дал келбейт.

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов бир нече адам менен биргеликте 2 адамды сабап өлтүргөн деп айыпталып абакта отурат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны бул кылмышы үчүн 5 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым адамдар аны күзүндө болчу парламенттик шайлоого карата август айында эркиндикке чыгып, бийликтин партиясын колдойт экен деп айтышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>