Дөөлөт Сыдыков Гиннеске кирүүгө узак убакытка «Манас» айтат

Дөөлөт Сыдыков Гиннеске кирүүгө узак убакытка «Манас» айтат

Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн, узак убакытка «Манас» айтат. Бул тууралуу Сыдыков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкектеги борбордук аянтта 12-ноябрда саат 9.00дө башталат. Аянтта беш метр бийиктикте айнектен жасалган боз үй коюлат. Ичинде Дөөлөт Сыдыков токтобой, тынымсыз «Манас» айтат. Сырттагы элге жакшы угулуу үчүн үн аппараттары коюлат.

Сыдыковдун жергиликтүү басылмаларга берген интервьюсунда, ал «Манасты» айтып калуусуна эки нерсе түрткү болгонун билдирген.

«Чоң аталарым «Манас» айткан инсандар болгон. Экинчиден, 12 жашымда түшүмдө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөм», — деген ал.

Дөөлөт Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>