Дөөлөт Сыдыков Ошто үч күн Манас айтты

Дөөлөт Сыдыков Ошто үч күн Манас айтты

Ош шаарында үч күндүк Манас айтуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү Ош шаарында уюштурулган үч күн Манас айтуу жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.

Мэр Дөөлөт Сыдыковго күч кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирген.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлаган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>