Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгуучуларга эшигин ачты

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгуучуларга эшигин ачты

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгуулар үчүн ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Андагы маалыматта айтылгандай, 27-майдан тарта стадиондун чуркоочу тилкеде машыгуу өткөрүүгө уруксат берилди. Стадиондо тиешелүү санитардык талаптар, гигиеналык эрежелер сакталышы керек. Ошондой эле, коронавирус инфекциясынан коргонуу максатында стадионго келгендер ортодо 1,5 м аралыкты сактап, машыгыш керек.

Стадиондун кире беришинде машыгууга келгендердин жана кызматкерлердин дене табын текшерүү жүргүзүлөт.

Бардык каалоочуулар күнүгө эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин, кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат.

Кирүү акысыз. Машыгууга келгендер стадионго спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>