Site icon Reporter.kg

Дагы 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

27-апрелде коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 25 адамдын үчөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 2, Ош шаарында 1 учур катталган.

18-марттан бери жалпы  183 медицина кызматкерине коронавирус илдети жукту.

Ал эми соңку маалыматтарга ылайык  Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 695 учур катталды. Ал эми 395 бейтап оорудан сакайып чыкты. 8 адам илдеттен улам каза болгон.

Exit mobile version