Site icon Reporter.kg

Дагы 3 партия шайлоого катышуудан баш тартты

Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Таза коом”, “Бүткүл жаштар саясий партиясы”, “Адам-Демократ” партиялары шайлоого катышуудан расмий баш тарткан. 

Мындан сырткары,  “Мекенчил” жана “Ыйман нуру” партиясынын документтерин толуктап тапшыруу үчүн артка кайтарылган. 

Бүгүн, 24-август саат 18:00гө чейин Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин толук тактап, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.  Аталган мөөнөттө жетишишпесе анда шайлоодон четтетилет. 

Exit mobile version