Соңку бир сутка ичинде 5 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Каза болгон учурлар Бишкек шаары, Талас, Чүй, Жалал-Абад,Ош облустарында катталган.
Бир сутка ичинде 442 адамдын анализинен коронавирус аныкталган.
- Бишкек — 130;
- Ош — 22;
- Чүй облусу – 93;
- Ош облусу — 45;
- Талас облусу — 20;
- Нарын облусу — 16;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 24;
- Баткен облусу – 21.
Ал эми бир сутка ичинде бери 512 адам коронавирустан айыгып чыккан.
- Бишкек – 168;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу – 49;
- Талас облусу – 16;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 45;
- Жалал-Абад облусу – 50;
- Баткен облусу – 92.
18-марттан19-ноябрга чейин өлкөдө жалпы 68 316 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 59 362 киши ооруну жеңип чыккан. Ал эми илдеттин курмандыгы болгондордун саны 1217.