Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатынан ажыратылды. Аталган маселе бүгүн, 19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, аларга Тазабек Икрамовдон депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн. Икрамовдун мандатын алуу тууралуу чечимди БШКнын бардык мүчөсү колдоду. Тазабек Икрамов 2021-жылы Сузак району боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. … Читать далее Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды