Site icon Reporter.kg

Дагы бир жоокер аскерде өз жанын кыйганына байланыштуу акыйкатчы тынчсыздануусун билдирди

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева аскерде кызмат өтөп жаткан жоокердин каза болушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал мындай фактылар аскер бөлүктөрүндө устав эрежелеринин бузулушу жана моралдык-психологиялык абалга көңүл бурулбагандыгынан болушу мүмкүн деп белгиледи.

16-июль күнү таңкы саат 5:30да Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылындагы №5 аскербөлүктө кызмат өтөгөн, 2005-жылы туулган жоокер Т.Б. өзүнүн куру менен жылуулук системасынын түтүгүнө асынып алган абалда табылган. Ал түнү прапорщик И.Ж.А. менен нөөмөттө болчу.

Аскерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин Т.Б. сугарып жаткан газонду текшерүүгө кеткен. Жарым саат өтпөй аны командирдин кабинетинен асынып турган абалда табышкан.

Белгилүү болгондой, маркум кат калтырган. Бирок азырынча жарыяланган жок. Командирдин маалыматына ылайык, анда ал чогуу кызмат өтөгөн жоокердин психологиялык кысымына кабылганын жазган. Азырынча бул кат менен Омбудсмен институтунун өкүлдөрү тааныша элек. Себеби учурда ишти Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Тергөө жүрүп жатат, жоокердин сөөгүнө жасалган соттук-медициналык экспертиза денеде зомбулуктун белгилерин аныктаган жок. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине кайрылып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн: Психологиялык климатты баалоо үчүн кесипкөй адистерди тартуу, анонимдүү анкеталоо жүргүзүү, ар бир аскер кызматкеринин укугун коргоону күчөтүү сыяктуу чараларды көрүүнү сунуштады. Ошондой эле мекемеге расмий кат жөнөтүлөрү кошумчаланды

Exit mobile version