Site icon Reporter.kg

Дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр! Санариптик мамлекеттик жаңы кызматтар – MegaPay тиркемесинде

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay тиркемесинин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүну улантат. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин колдоосу менен компания абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн смартфон аркылуу акысыз колдонууга мүмкүн болгон мамлекеттик 11 жаңы кызматты ишке киргизди.

MegaPay’ге (жүктөп алуу үчүн App Store жана Google Play’де жеткиликтүү) мамлекеттик кызматтарды киргизүү жарандарга аларды пайдалануу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн ишке ашырылды. Ошону менен катар эле абоненттер өздөрүнүн убактысын жана акчасын үнөмдөй алышат!

Эми MegaPay’де онлайн режимде төмөнкү мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү:

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын ичинен сизге керектүүсүн пайдалануу үчүн MegaPay тиркемесин ачып, «Сервис» баракчасына, андан соң «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнө өтүп жана керектүү пунктту тандоо жетиштүү.

Маанилүү! Аталган кызматтардан Кыргызстандын идентификациялоодон өткөн колдонуучу жана резиденттери гана пайдалана алышат. Ал үчүн смартфондон онлайн-идентификациялоодон өтүүнү же MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылууну сунуштайбыз.

MegaPay – жашооңуздагы ар тараптуу жардамчыңыз!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version