Дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева  изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева  1998-жылы төрөлгөн, Кадамжай районунун Учкун айылынын тургуну. Ал 2-март күнү саат 08:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, бети тегерек ак жуумал, кашы-көзү кара, чачы күрөң түстө болжол менен 15-20см, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүнө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, астына кара түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.

Сүрөттөгү аялды таанып билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот.

Тел: 102; 03655 5-02-29; 0704 276 416

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>