Дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Гүласалхон Яхияева 1998-жылы төрөлгөн, Кадамжай районунун Учкун айылынын тургуну. Ал 2-март күнү саат 08:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, бети тегерек ак жуумал, кашы-көзү кара, чачы күрөң түстө болжол менен 15-20см, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: үстүнө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, астына кара түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Сүрөттөгү аялды таанып билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот.
Тел: 102; 03655 5-02-29; 0704 276 416