Дайынсыз болуп жаткан Шерзод Ражавалиев изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Шерзод Ражавалиев изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Шерзод Ражавалиев изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Ражавалиев Шерзод Насиржанович 2020-жылдын 11-август күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал психикалык жактан жабыркайт.

Шерзод Ражавалиевди табууга туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, психиатриалык кабинетте каттоодо турат.

Кийген кийимдери: Жылаңбаш, ичинде ак түстөгү жемпир, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара түстөгү галош.

Дайынсыз болуп жаткан Ражавалиев Шерзод Насиржанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү номерге кабарлап коюуну жакындары жана укук коргоо органдар өтүнүшөт:

Байланыш тел.: 102,

(03722) 5-28-31;

(03722) 7-03-44;

(0777) 79-23-63;

(0773) 00-08-02.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>