Дайынсыз болуп жаткан Жаркынай Тажибаева изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Жаркынай Тажибаева изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Жаркынай Тажибаева изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Ноокен айылынын Токтоболотов көчөсүнүн тургуну 1987-жылы төрөлгөн Тажибаева Жаркынай Камчыбековна 2021-жылдын 2-январь күнү саат 23:00дөр чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген из бар, 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Жаркынай Тажибаеваны көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюсун жакындары, укук коргоо органдары өтүнөт.

Тел: 102, (03734) 5 05 44,   0755 54 00 35,   0771 05 57 75. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>