Site icon Reporter.kg

Дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Хадичанын сөөгү табылды

Чүй облусунда жоголгон кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустун борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, жоголгон 2005 -жылы туулган Хадича Болотбекова изделип жаткан, ал ушул жылдын 15 -сентябрында Жайылма айылынын Айдаров көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бүгүн саат 13:30 чамасында суу сактагычтын жээгиндеги Серафимовка жана Туз айылдарынын ортосунан жергиликтүү тургундар кыздын сөөгүн  табышкан. Алгачкы кароо жүргүзгөндө денесинде зордук –зомбулуктун  белгилери табылган жок. Туугандары кыздын сөөгүн таанышкан.

Учурда бардык жагдайлар такталып жатат.

Ысык-Ата районунда 16 жаштагы Хадича изделүүдө

Exit mobile version