Site icon Reporter.kg

Мончого кеткен бойдон дайынсыз болгон жаран үч айдан соң табылды

Бишкек шаарында былтыр 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы У.Ш. табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта У. Ш. милицияга өзү келип, табылганы тууралуу билдирген. Буга байланыштуу издөө токтотулган.

Табылган жаран каякта болгону тууралуу маалыматты ачыктообону өтүнгөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө  борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.

Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version