Site icon Reporter.kg

Дайыр Исмадияров: жубайыма жарашуу сунушун киргиздим

Ырчы Дайыр Исмадияров жубайына жарашуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ал өзү Instagram баракчасына жазды.

“Экөөбүздүн бирибиз “бул акылга сыйбаган нерсе, түгөйлөрдүн баары жаңжалдашышат, кел башынан баштайбыз” деп айта турган убак келди. Мен айттым. Жообун күтүп жатам”, — деп жубайы жана баласы менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

Дайыр Исмадияров жубайы Жанарага 2016-жылы баш кошуп, 2017-жылы ажырашкан.

Exit mobile version