Дамир Сагынбаев: Саймаитинин тегерегиндеги журналисттик иликтөө Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө

Дамир Сагынбаев: Саймаитинин тегерегиндеги журналисттик иликтөө Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө

Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр боюнча укук коргоо органдарынын иши Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынынын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып маалымдады.

Ал белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолосу боюнча Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен Саймаитини өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан ал Түркияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоо органдары төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрөтүлгөн фактыны текшерүү максатында  Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Кечээ, 2019-жылдын 24-ноябрында аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деди баса Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Айеркен Саимаити Кыргызстандын жараны эмес экенин Дамир Сагынбаев өзгөчө баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>