Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияландыбы? Күч түзүмдөрүнүн жообу

Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияландыбы? Күч түзүмдөрүнүн жообу

Казакстанда аткезчилик үчүн соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды деп жазды жергилитүү Informator.kg  басылмасы.

Басылманын өздүк булактарга таянып жазганына караганда, экс- депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келинген.

“Анын менен кошо кармалган эки кыргызстандык жаран да жаза мөөнөтүн мындан ары Кыргызстандын ЖАМКсынын алдында өтөшмөкчү”, — деп жазган Informator.kg.

Маалыматты тактоо үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына байланышканыбызда, мекеменин басма сөз катчысы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

“Бизге мындай маалымат келип түшө элек. Соттолгондорду экстрадициялоо менен биз эле эмес, башка күч түзүмдөрү, УКМК, ИИМ же Башкы прокуратура да иш алып барат”, — деди.

“Айдап узатууну ЖАМК жүрүзөт да? деген кабарчыбыздын суроосуна, “бизге кайрылбай өздөрү эле жүргүзүшү мүмкүн”, — деп жоопберди  басма сөз катчы.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов экстрадициялоо иши менен Башкы прокуратура иш алып барарын айтып , маалыматты ошолордон сурашыбызды белгилеп өттү.

Башкы прокуратура болсо учурда бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көп кайрылып жатканын, бирок так маалымат жоктугун, түштөн кийин малымат берилерин убадалады.

Белгилей кетсек, 24-апрелде Алматанын райондор аралык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгары тууралуу өкүм чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>