Site icon Reporter.kg

Даниэл Ажиев дагы эки айга камакта калтырылды

«Вебкам» студияларынын тармагын уюштурган Даниэл Ажиевдин бөгөт чарасы узартылып, ал дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ажиевдин бөгөт чарасын узартуу маселеси бүгүн, 24-июлда райондук сотто каралып, сот аны 29-сентябрга чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, УКМК Даниэл Ажиевдин кармалганы тууралуу 5-июнда кабарлаган. Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Даниэл Ажиев «вебкам» деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топту жетектеп келген.

Белгилүү болгондой, Ажиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда өлкөдөн чыгып кетип, Өзбекстан аркылуу БАЭге качып кетүүгө аракет кылганда кармалган. 4-июнда ал УКМКга өткөрүлүп берилген.

Андан кийин ал райондук соттун чечими менен 29-июлга чейин камакка алынган.

УКМК Даниэль Ажиевди кармады (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version