Site icon Reporter.kg

Даниэл Ажиевдин маселеси кайра парламентте козголду

Вебкам-студиянын уюштуруучуларын эркиненен ажыратуу менен бирге мүлкү дагы конфискацияланыш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

Ал мындай кылмышка барган жарандар жазадан кутулубашы керектигин белгиледи.

«Мыйзам долбоордо мүлктү конфискациялоо милдеттүү түрдө катары белгиленген эмес. Бул коррупцияга жол ачкан жагдай, анткени, алар көп акча тапкандыктан ыплас кирешесинин бир бөлүгүн берип коюп, жазадан кутулуп кетиши ыктымал. Мындай арам жолдо акча тапкан кылмышкердин мүлкү конфискация болушу керек», — деди депутат.

Айсулуу Мамашева вебкам-студиянын ээси катары белгилүү болгон Даниэл Ажиевди мисал келтирди.

«Ал киши учак, тик учак менен учуп, кымбат жайларда эс алат. Жаштар аны бай адам катары үлгү көрүшөт», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбооруна ылайык вебкам-студиялары аркылуу сойкулукту уюштуруу үчүн  100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Депутат вебкам-студия иштеткендерди жазалоонун жолун сунуштады   

Exit mobile version