Даниялык министр 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгону үчүн элден кечирим сурады

Даниялык министр 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгону үчүн элден кечирим сурады

Даниянын тышкы иштер министри Йеппе Кофод өз партиясынын активисти, 15 жаштагы өспүрүм менен жыныстык катнашка баргандыгы үчүн эл алдында кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик  «Berlingske» басылмасы жазды.

«Мен мас жана акылсыз элем. Кечирим суроонун жетишсиз экендигин түшүнөм. Бардыгын өзгөрткүм келет, бирок жасай албайм, бирок каталарымдан сабак алсам болот», — деди министр.

Окуя 2008-жылы Пасха курсу учурунда болгон. Ошол учурда 34 жаштагы Кофод  Даниянын Социал-Демократиялык Жаштары (ДСУ) партиясынын жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн бири болгон. Ал лекция окуган соң, ошол жактагы 15 жаштагы кызды бөлмөсүнө чакырып, аны менен жыныстык катнашта болгон.

Кофоддун айтымында, ал анын канча жашта экендигин билген эмес. Окуя дароо белгилүү болуп, андан кийин саясатчы кечирим сурап кызматынан кеткен. Бирок кийинчерээк саясатка кайтып келип, 2019-жылы Даниянын тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Данияда макулдук курагы 15 жашта, ошондуктан Кофод мыйзамды бузган эмес. Ага карабастан, анын бул жоругу социалдык тармактын колдонуучулары жана Батыш медиасы тарабынан катуу сынга алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>