Site icon Reporter.kg

“Даңк” ордени менен сыйланган жарандардын тизмеси

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйланышты.

 “Даңк” ордени менен Кыргызстандын беш жараны сыйланды. Алар:

— Борубаев Назирбек Нарматович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

— Жумаева Роза Ражаевна — “Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети” коомдук бирикмесинин төрагасы;

— Омуралиева Гулсара Кушатовна — А. Мырсабеков атындагы Ош  мамлекеттик педагогикалык университетинин биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессору;

— Султанбекова Чолпон Аалыевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаты;

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — Бишкек шаары.

«Даңк» ордени кандай жетишкендик үчүн тапшырылат?

1) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version