Site icon Reporter.kg

Дарак олтургузгула. Чек арадагы Чүй дарыясынын нугу өзгөрүп жатканы дагы айтылды

Кыргыз-Казак чек арасында турган Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында дагы айтылды. Бул жолу маселени депутат Эмил Токтошев көтөрдү.

Анын айтымында, Казакстан өз тарабына бак-дарак эгип, дарыянын нугун сактоодо.

«Биз тарапта эч нерсе жок. Анан албетте дарыя нугун өзгөртөт. Кум-шагыл алгандарды гана калтырып, калган жерлерге бак-дарак тигүү зарыл. Дарыянын жээгине 100 метрге чейин эч кандай иштер жүрбөшү керек», — дейт ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жээкти бекемдөө иштерине жылына 100-200 миллион сом бөлүнүп, чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин дарыя нугун өзгөртүп, Кыргызстандын 100дөн ашык гектар жер суунун аркы тарабынан өтүп кеткени айтылган.

Exit mobile version