«Дарак ыры» тасмасы Эл аралык кинофестивалда «Мыкты сценарий» номинациясын жеңип алды

«Дарак ыры» тасмасы Эл аралык кинофестивалда «Мыкты сценарий» номинациясын жеңип алды

Кыргызстанда тартылган алгачкы киномюзикл – «Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Чебоксары шаарында өткөн XIII Эл аралык кинофестивалында «Мыкты сценарий» номинациясын жеңип алды. Бул туралуу кинонун режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык баракчасына жарыялады.

Сыйлык сценарийдин авторлору Айбек Дайырбековго жана Садык Шер-Ниязга ыйгарылды.

«Сыйлыкты кесиптеш агам Садык Шер-Нияз экөөбүзгө тапшырышыптыр. Садык байкени, продюсерлер Толкун Дайырбекова, Андрей Епифанов, Таня Петрикти жана кинону тартууга катышкан бардык инсандарды кезектеги жеңишибиз менен куттуктайм! Маданиятыбызды, духубузду, тилибизди көтөрмөйүн, креслоңор дагы, учаңар дагы бир тыйын! А биз, маданият ишмерлери, кыргыздын руху үчүн кызмат кылууга дайым даярбыз!», — деген Дайырбеков.

Белгилей кетсек, тасманын бет ачаар аземи Бишкекте 2018-жылы өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>