Site icon Reporter.kg

Даракты сүзгөн автобустун айдоочусу чыгымды өзү төлөйт

Жибек-Жолу проспектисинде даракты сүзүп алган №48 автобустун айдоочусу чыгымды өзү төлөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жол кырсыгы 15-ноябрда катталган. Анда 9  адам жабыркап, айдоочусу өзү да жаракат алган.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт” муниципалдык ишканасы кызматкерин иштен бошотту. Айдоочу автобусту оңдоого кеткен чыгымды төлөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version