Site icon Reporter.kg

Дарья Маслова Минскте өткөн жарышта алтын медаль тагынды

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова 10 миң метр аралыкка чуркоо мелдешинде алтын медал тагынды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жарыш 29-август күнү Минск шаарында өтүп, ага 9 спортчу катышты.

Дарья Маслова 10 миң метр аралыкты 32 минут 21 секундда чуркап өткөн.

Белгилей кетсек, Маслова ушул жылдын июль айында Беларус кубогунда жеңүүчү аталган.

Exit mobile version