Дарыгер беткап тагынуунун эржелерин тизмектеди

Дарыгер беткап тагынуунун эржелерин тизмектеди

Беткап тагынуу эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керек. Бул тууралуу 23-июнда брифингде РДЧжМК борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк убакта, калк арасында беткапты туура эмес тагынган, айрым учурда бир жума бою чечпей жүргөн жарандар бар. Бул тескерисинче өтө кооптуу. Беткап тагынуу өздүк гигиенаны жана социалдык аралыкты сактаган учурда гана эффективдүү болот..

Беткапты туура тагынуу:
беткапты тагынуудан мурда, колду тазалап алуу керек;
беткапты кылдаттык менен, оозду жана мурунду толук жапкандай кылып тагынуу керек;
беткап нымдалып калган учурда, аны таза жана кургак жаңы беткапка алмаштыруу зарыл;
бир жолку колдонулуучу беткапты кайрадан колдонбоңуздар;
беткапты чечкенден кийин дароо баштыкка салып же бети жабылуучу таштандыга ыргытыңыздар.

«Колду таза кармоонун атайын талаптары бар. Колду вирустардан тазалоо үчүн 70% спирт камтылган антисептиктин 2-3 мл өлчөмү жетиштүү. Колду 20 секунддан кем эмес жууш керек. Адамдар менен жолукканда, ар кандай нерселерди кармагандан кийин колду антисептик менен тазалап туруу зарыл. Ошондуктан, дайыма жаныбызда антисептик болушу шарт”, — дедиАлтымышева.

Мындан сырткары, сергек жашоо мүнөзү учурда абдан актуалдуу. Уктоодо туура режимди карманып, белок, витамин жана минералдык заттарга бай азык-түлүктөр менен тамактану зарыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>