Дарыгер онкологиялык ооруларды пайда кылуучу азыктарды атады

Дарыгер онкологиялык ооруларды пайда кылуучу азыктарды атады

Онколог-хирург, медицина илимдеринин кандидаты Михаил Мяснянкин Орусиянын «Бешинчи каналына» берген маегинде рак оорусун жаратуучу продуктуларды атады. Бул тууралуу lenta.ru жазды.

Анын айтымында, минералдык жер семирткичтер же канцерогендик заттар менен булганган азыктар оорунун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Алардын ичеги-карын ооруларына терс таасирин тийгизерин түшүндүрдү.

Дарыгер ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди диетадан толугу менен алып салууну сунуштады, анткени аларды ичүү рактын айрым түрлөрүнүн пайда болуу коркунучун күчөтөт.

Мындан тышкары, Мяснянкин тамакты бышыруу ыкмасына көңүл бурууга чакырды, анткени бул негизги көйгөй болушу мүмкүн. Атап айтканда, эт же жашылчаларды күн карама майына куурганда май бир нече жолу колдонулса, анда бардык канцерогендик заттар топтоло баштайт.

Буга чейин Мяснянкин мээ рагынын алгачкы белгилерин ачкан. Баш оору рактын бул түрүнүн эң көп кездешүүчү белгиси дейт ал. Ошол эле учурда, эксперт алгачкы этапта оору асимптоматикалык жол менен өнүгүп, аны таануу өтө кыйын экенин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>