Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 9 жаштагы баланын ашказанынан чупа-чупс таттуусунан калган желим таякчаны алып чыгышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Окуя 5-июлда болгон. Баланын ичи катуу ооруп жатканына байланыштуу алгач 3-балдар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Андан кийин гастроэнтерологиялык текшерүү үчүн Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бала чупа-чупстун желим таякчасын жутуп алган экени аныкталган. Дарыгерлер гастроскопия жолу менен таякчаны ийгиликтүү чыгарышкан.
Бүгүнкү күндө баланын абалы туруктуу экени, ал үйүнө чыгарылганы кабарланды.
Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерге кайрылып, балдарга жатар алдында ар кандай тамак-аш же майда буюмдарды бербөөгө чакырды жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууну эскертти.