Site icon Reporter.kg

Дарыгерлер В гепатитине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат

2022-жылдан бери Кыргызстанда 250 миңден ашык чоң кишилер В гепатитине каршы вакцинанын биринчи дозасын алышкан. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.

Бирок статистика көрсөткөндөй, 37 миңден ашык адам экинчи дозасын, ал эми 46 миңден ашык адам үчүнчү дозасын албай калган. Адистер бул көрүнүштү кооптуу деп эсептеп, жарандарды эмдөө курсун толук бүтүрүүгө чакырууда.

В гепатитине каршы вакцинация үч этапта жүргүзүлөт жана боор циррозу менен рак сыяктуу оорулардан коргоого багытталган. Экинчи доза, биринчи дозадан кийин 1 айдан эрте эмес берилет. Үчүнчү доза экинчиден кеминде 5 ай өткөн соң жасалат.

Борбордон билдиришкендей, дозалардын ортосундагы убакыт бузулса да, курсту кайра баштоонун кажети жок. Вакцинация жарандардын жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору жарандарды өз саламаттыгына жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана эмдөөнү аягына чыгарууга чакырат.

Exit mobile version