Дастан Бекешев: өкмөт башчылыкка Канат Исаевдин талапкерлиги каралууда

Дастан Бекешев: өкмөт башчылыкка Канат Исаевдин талапкерлиги каралууда

Премьер-министрлик кызматка Канат Исаевдин талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Премьер-министрлик кызматка нейтралдуу талапкер катары Канат Исаевдин талапкерлиги каралууда. Көпчүлүк колдоп жатат”, — деп жазган Бекешев.

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтмөк. Саат 16:00гө белгиленген отурум арадан бир жарым саат өтсө деле башталбай жатат. Анын себебин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев кворум жоктугу менен түшүндүрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>