Site icon Reporter.kg

Дастан Бекешев “Реформа” партиясына кошулду

Саясатчы Дастан Бекешев “Реформа” партиясына кошулду. Бул тууралуу саясатчы өзү билдирди.

Белгилей кетсек, Дастан Бекешев алгач 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан депутат болгон. Кийин 2014-жылы “Ар-Намыстан” чыгып, “Ак-Ниет” партиясын түзгөн. Бирок 2015-жылы партия лидерлигинен баш тартып, КСДПдан депутат болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт. 

Exit mobile version