Дастан Бекешев шайлоого акча даярдоо үчүн студенттерге акылуу лекция өтүүдө

Дастан Бекешев шайлоого акча даярдоо үчүн студенттерге акылуу лекция өтүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев студенттерге юриспруденция сабагын бере тургандыгын жарыялады. Ал түшкөн каражатты шайлоо өнөктүгүнө жумшайт.

Эл өкүлүнүн 2 саатка созулган лекциялары 3000 сомго бааланат.

«Менин лекциям практикалык билимдин негизинде иштелип чыккан жана теорияларды камтыбайт. Университеттен теорияларды үйрөнөсүз. Студент кезинде кантип юрист болуп, өз атыңды жаратып, университетти аяктагандан кийин акча тапса болору жөнүндө билим берем «, — дейт Бекешев.

Азырынча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү аныктала элек. Бирок, парламентарийлердин санын кыскартуу жана аларды бир гана партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдар менен шайлоо маселеси талкууланып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>